Марал Радиосу

Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду камаган жок

Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган жок. Ал сотко чейинки өндүрүш иштери аяктагыча жашаган жеринен соттун уруксатысыз эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдараак берген маалыматында Райымбек Матраимовдун тергөө менен кызматташканы сотто эске алынары айтылган. Ал кармалгандан кийин мамлекетке келтирилген 2 миллиард сомдук чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин билдирип, анын 80 миллион сомун казынага которгон.

Exit mobile version