Медербек Сатыев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.
Ал 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду соттон актаган чечим чыгарган. Бирок, андан кийин кызматынан алынган.
Буга чейин жаңы дайындоолор менен Президенттин аппаратынын жетекчиси болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган.