Марал Радиосу

UFC: Чемпиондор Хабиб менен Гэтжи 24-октябрда беттешет

Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) чемпиондору орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык спортчу Жастин Гэтжи 24-октябрда беттешет. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланган.

Бул титулдук мелдештин алдынан боло турган маалымат жыйыны 21-октябрда болот. Анда мушкерлер Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжи өздөрү катышып, суроолорго жооп беришет. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. Ал UFC уюмуна караштуу бардык маалымат ресурстарында түз эфирде акысыз көрсөтүлөт.

Ал эми спортчулар 24-октябрда Абу-Даби шаарындагы «Мушкерлер аралы» спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде октагонго чыгышат. Бул беттеште Нурмагомедов учурда ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоого аракет кылат. Эгер ал жеңилсе, анда анын чемпиондук куру Гэтжиге өтөт.