Марал Радиосу

Азиз Суракматов шайлоого баруу ниетин билдирди

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов парламенттик шайлоого баруу ниетин билдирди. Ал 20-октбярда маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азырынча келген сунуштар боюнча ойлонуп жатканын айтты.

Суракматов бүгүн кызматтан кетти. Эми мэрдин милдетин Нариман Түлеев убактылуу аткарат.

Нариман Түлеев 20-октябрда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.