Марал Радиосу

Ташкент: Башкы прокуратуранын жанында 30дан ашуун жаран пикетке чыкты

Ташкент шаарында ушул жылдын 18-октябрында жарандардын тобу Башкы прокуратуранын кабылдамасынын алдына чогулуп, пикет уюштурушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Менг жана А.Молотягин башында турган Эл аралык «Консалтинг Групп» платформасына инвестиция салып алдамчылыктын кесепетинен жарандар материалдык чыгымга дуушар болушкан. Жалпысынан бул иш-чарага катышкан жарандардан 33 кайрылуу келип түшкөн.

Башкармалык билдиргендей, учурда Ташкент шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 4-бөлүгүнүн «а» пунктуна ылайык кылмыш иши козголду.

Иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынды. Билдирүүдө алдамчылыктын чоо-жайы кеңири айтылган эмес.