Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 53 миңге жакындады

Кыргызстанда 20-октябрга карата СOVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду. Анын бири Баткен облусунда, бири Бишкек шаарында катталды.

Пандемия башталгандан бери коронавирус 1113 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 384 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, эң көп учур Баткен облусунда аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 52 миң 910го жетти.

Учурда ооруканаларда 2690 бейтап дарыланып жатат, 2481 бейтап үй шартындагы дарыланууда.

20-октябрга карата COVID-19 илдетинен 276 бейтап сакайып чыкты.

Коронавирустан айыккандардын саны 46 миң 139га жетти.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде Ош облусунда бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми айыккандар 18.

COVID-19 илдети 3545 медикке жуккан, анын 3184ү айыгып чыкты.