Марал Радиосу

Аляска жээгинде жер титиреди

19-октябрда Аляска жээгинде катуу жер титиреди. Анын күчү 7,4 баллга жетти.

АКШнын Цунамиге байланыштуу улуттук эскертүү борбору цунами коркунучу бар экендигин билдирди.

Сейсмологдордун айтымында, жер титирөөнүн эпицентри Санд Пойнт айылынан 94 км түштүктө, ал эми эпицентри 41 км тереңдикте болгон.

Жабыркагандар жана кыйроолор жөнүндө азырынча маалымат жок.

Exit mobile version