Марал Радиосу

Жапаров, Ташиев, Мамытовдор толук акталды

Жогорку Сот президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана депутат Талант Мамытовду актаган чечим чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

2012-жылы Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорго бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон.

16-октябрда аталган иштин материалдары каралып, «кылмыштын белгилери табылган жок» деген негизде жогоруда айтылган адамдарды актаган чечим чыгарылды.

Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевдин соттуулугу жоюлган. Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Ал 2017-жылы өлкөгө кирерде кармалган.

6-октябрда Бишкектеги башаламандыктар учурунда абактан бошотулган.