Марал Радиосу

Муфтият: 20-октябрдан тарта аялдар үчүн онлайн сабактар өткөрүлөт

Эртең, 20-октябрдан тарта аялдар үчүн атайын онлайн сабак уюштурула баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Сабак аптасына 2 жолу уюштурулуп, суроо-жооп ирээтинде өтөт.

Анын алкагында «Аялзатынын Ислам дининдеги орду», «Аялзатынын илим алуусу», «Кыздын кырк чачы улуу», «Турмуш куруунун адептери», «Кызды тарбиялоо», «Бактылуу аял» темаларында баяндамалар жасалат.

«Коомчулуктагы аялзатына болгон зордук-зомбулукту токтотууга чакырык таштап, балдарды тарбиялоодогу энелердин ордун түшүндүрүп, Ислам дининде аялзаты үчүн эмнелер каралган болсо, толугу менен дин аалымдары айтып беришет», — деди муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Аялдар үчүн уюштурулуп жаткан онлайн сабак шейшемби жана бейшемби күндөрү күндүзгү саат 11:00дон 12:00гө чейин болот.