Марал Радиосу

УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Буга чейин аталган кызматты Санжарбек Эркинбаев жетектеп келген. УКМКнын 9-кызматы өлкө башчысын жана өлкөдөгү стратегиялык объекттерди коргоого, кайтарууга алат.