Марал Радиосу

Бакыт Алиев Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп Бакыт Алиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, Султан Мамасадыков Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи орун басары кызматынан алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Бажы кызматынын төрайымы Элнура Мамбетжунушова кызматынан алынып, ордуна Кадыржан Семетеев дайындалган болчу.

Төраганы жана биринчи орун басарын эмгек жамаатына биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырып кайтты.

Кадыржан Семетеев Бажы кызматынын төрагасы болду