Марал Радиосу

Түркияда эки кыргызстандык жасалма акча менен кармалды

Кыргызстандык эки жаран Түркия полициясы тарабынан жасалма акча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу «sondakika.com» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Анталия шаарынын полиция бөлүмүнө шаарда эки адам жасалма акча менен базарга кирип баратканы боюнча билдирүү келип түшкөн. Аталган бөлүмдүн ыкчам тобу билдирүүдө айтылган 07 AJG 382 номерлүү унааны токтотуп, текшерүү жүргүзүшкөндө унаадан жасалма 4 миң 400 доллар жана 8 куту баңгизат табылган. Кылмышка шектүү эки адам Кыргызстандын жарандары экени айтылууда.

Учурда кармалгандар полиция бөлүмүңдө сурак берип жатышат.