Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин сайтына хакердик чабуул уурдалган компьютерлерден жасалган

Жогорку Кеңештин расмий сайты кайра калыбына келтирилди. Учурда адистер сайттын коопсуздугун камсыз кылуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Учурда сайттын администрациясы үчүн сыр сөздөрү сакталып калган Жогорку Кеңештин аппаратынын бир же бир нече компьютерлеринен хакердик чабуулдар болгондугу аныкталды.

Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул компьютерлер 5-6-октябрь күндөрү болгон башаламандык учурунда уурдалган.

19-октябрда Жогоку Кеңештин расмий сайты хакердик чабуулга кабылган. Сайттын бардык бөлүмдөрү «The Black Pirate» тобунун колуна өткөнү маалым болду.

Хакердик чабуул жасаган топ акча талап кылууда. Алар: «20-октябрь, Москва убактысы боюнча саат 20:00гө чейин бизге кайрылгыла», — деп эскерткен.

«Kenesh.kg» сайтынын бардык маалыматтары, сыр сөздөрү, почта даректери, телефон номурлары биздин колубузда. Ошондой эле дагы бир канча мамлекеттик сайттар учурда биздин көзөмөлдө», — деп айтылат маалыматта.

Сайтка чабуул жасаган топ тийиштүү маалыматтарды жоготуп албоо үчүн 10 миң доллар акча талап кылып, аны биткоин капчык аркылуу жиберүүнү сунуштаган. Дареги: 3FC44Ku5K3BD8R7q2JXKaSBZuQtoBvZjiA