Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин расмий сайты хакердик чабуулга кабылды

Жогоку Кеңештин расмий сайты хакердик чабуулга кабылды. Сайттын бардык бөлүмдөрү «The Black Pirate» тобунун колуна өткөнү маалым болду.

Хакердик чабуул жасаган топ акча талап кылууда. Алар: «20-октябрь, Москва убактысы боюнча саат 20:00гө чейин бизге кайрылгыла», — деп эскерткен.

«Kenesh.kg» сайтынын бардык маалыматтары, сыр сөздөрү, почта даректери, телефон номурлары биздин колубузда. Ошондой эле дагы бир канча мамлекеттик сайттар учурда биздин көзөмөлдө», — деп айтылат маалыматта.

Сайтка чабуул жасаган топ тийиштүү маалыматтарды жоготуп албоо үчүн 10 миң доллар акча талап кылып, аны биткоин капчык аркылуу жиберүүнү сунуштаган. Дареги: 3FC44Ku5K3BD8R7q2JXKaSBZuQtoBvZjiA