Марал Радиосу

Ырчы Анжелика: Жаңы сериал тартып жатабыз

Өзүн бир топ тармактарда сынап, ар тараптуу ийгилик жаратып келе жаткан ырчы Анжелика жакында 12 сериядан турган жаңы тасма жаратууга бел байлады. Бул сериалдын  кыскача мазмуну тууралуу ал «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

— Жакында 12 сериядан турган тасма жаратууну чечтик. Командабыз өтө чоң. Продюсери өзүм болом. Чынымды айтсам, кино тармагына алгачкы жолу продюсерлик кылып жатам. Аталышын «Үмүт» же адилеттүүлүккө үндөгөн  башкы каармандын атынан «Адилет» койсокпу деп ойлонуудабыз. Ички иштер министрлиги колдоого алууда. Бирок каржылык чыгымын өзүм көтөрөм. Жалпы чыгым 100 миң доллардын тегереги деп болжолдоп жатабыз. Сериал бардык телеканал, сайттардан эл үчүн бекер көрсөтүлөт. Эгерде элге жакса, анда кийинки чыккан тасмаларыбыз онлайн кинотеатрда төлөө жолу менен көрсөтүлүп баштайт. Бул сериалда көзүн май басып, акча менен маселени чечкендер жана адамдын бул жашоодо өзүн өзгөртүүгө кеч эместиги  чагылдырылат. Жакшы жана жаман инсандардын факторлорун көрсөтөбүз, акчага  сатылгандар кийин кайра өздөрү ошол кетирген  кемчиликтерин оңдошот. Анан эң негизгиси, журналист кыз менен милиция жигиттин сүйүүсү баяндалат.