Марал Радиосу

Мирзиёев журналистке үч бөлмөлүү батир белек кылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев журналист Бобомурод Абдуллаевге 3 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ушул жылдын 8-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тиричилик техникалары жана эмеректер менен камсыз болгон үч бөлмөлүү батир белек кылды», — деп жазды журналист. Ал жаңы батирине 5-октябрда кирген.

Өзбекстандык журналист мурунку президент Ислам Каримовдун тушунда «Усман Хакназар» каймана аты менен президенттин ишмердүүлүгүн сындап келген.

Ал 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганы аныкталып, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алынган. 2018-жылы май айында шарттуу түрдө бир жарым жылга кесилип, сот залынан бошотулган.