Марал Радиосу

Кыргызстанда интернет жарым-жартылай эркин деп эсептелет

Кыргызстан интернет эркиндиги «жарым-жартылай» болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу  Freedom House уюмунун жылдык отчетунда айтылат.

Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдө 10 жыл катары менен интернет эркиндигинин көрсөткүчү төмөндөп баратканы байкалган.

Башкаларга салыштырмалуу эркин интернети менен алдыңкы бештикке Исландия, Эстония, Канада, Германия жана Англия кирет. Интернет эркиндигинин индекси 67ден 42ге чейинки тизмеге кирген өлкөлөр «жарым-жартылай интернет эркиндиги бар» деп сыпатталган. Алар — Түштүк Корея, Бразилия, Мексика, Украина, Нигерия, Кыргызстан жана башка саналуу өлкөлөр бар.

Көрсөткүчү 39дан кем болгон өлкөлөрдө «интернет эркиндиги жок» деп аталды. Алардын катарында Орусия баш болгон беш постсоветтик өлкө бар. Тизменин аягында Сирия, Иран жана Кытай турат.

Exit mobile version