Марал Радиосу

Казакстан: Коронавирустан 9 адам каза тапты

17-октябрга карата Казакстанда Covid-19 инфекциясы 100 адамдан, коронавирус пневмониясы 108 адамдан табылды. 5 бейтап Covid-19 инфекциясынан, 4 бейтап коронавирус пневмониясынан каза тапты. Бул тууралуу Казакстан Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанда эки дартты кошуп эсептегенде 109 202 бейтап катталып, 2168 бейтап каза тапкан.