Марал Радиосу

Канат Келдибеков орус мушкери Александр Матмуратов менен беттешет

«Тайсон» каймана аты менен таанымал болгон Кыргызстандын мушкери Канат Келдибеков орусиялык мушкер Александр Матмуратов менен беттешет. Бул тууралуу «ACA» уюму расмий сайтына жарыялады.

Маалым болгондой, эки мушкердин беттеши ACA-113 турниринин алкагында 6-ноябрда Москва шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, Канат Келдибеков бул уюмда 4 жолу беттеш өткөрүп, анын экөөндө жеңишке жетип, экөөндө жеңилип калган. Ал эми 31 жаштагы Александр Матмуратов 3 беттеш өткөрүп, үчөөөндө тең жеңишке жеткен.