Марал Радиосу

Армения Азербайжанга абадан чабуул жасады

16-октябрдан 17-октябрга караган түндө Армения учурган ракета Азербайжандын Гянджа шаарын кыйроого учуратты. Бул маалыматты «РИА Новости» агенттиги жазды.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы берген маалыматка ылайык, аба чабуулдан бир нече үй кыйрап, 12 адам каза таап, 40тан ашуун адам жарадар болгон. Армения буга чейин 4-октябрда Азербайжандын Мингечаур шаарына да ушундай чабуул жасаганын, бул абадан сокку экинчи ирет болуп жатканын кабарлайт жергиликтүү маалымат булактары.

Ал эми Армениянын Коргоо министри Шушан Степанян бул маалыматты четке кагып, Азербайжанга эч кандай чабуул жасалбаганын, ок атышуу болбогонун билдирген.

Белгилей кетсек, Армения менен Азербайжандын чек арасында жайгашкан Тоолуу Карабах аймагында 27-сентябрдан бери куралдуу кагылыш токтобой келет.