Марал Радиосу

УКМК төрагасынын орун басарлары дайындалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп Рустам Мамасадыков, орун басарлары болуп Рысбек Тургамбаев, Улан Кимсанов бекитилди.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрда УКМКнын төрагасы кызматына Камчыбек Ташиев дайындалган болчу.