Марал Радиосу

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматтан алынды

Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынганы белгилүү болду.

Тийиштүү Жарлыкка 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Жарлыкта Аликбек Жекшенкулов ишенимден кеткени үчүн кызматынан бошотулганы жазылган.

Аликбек Жекшенкулов Орусияга элчи болуп 2019-жылдын 15-январында дайындалган.