Марал Радиосу

Ташиев: УКМКны реформа кылганга мүмкүнчүлүк түзүлүп атат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрдү. Ал анда алдыда жасала турган иштер боюнча оюн билдирип, УКМКны реформа кылууну көздөп жатканын айтты.

— Мен УКМКда ушуга чейин иштебегеним жакшы болуп жатат. Буга чейин министр болуп иштегем, аскердик генерал-майор деген чиним бар. Мекеменин иштерине реформа жасап, УКМКнын күчүн саясий куугунтуктоолорго эмес, коомубуздун, мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн бурганга мүмкүнчүлүк түзүлдү, — деди Ташиев.

Ошондой эле реформаны ишке ашырууда комитет кызматкерлеринин колдоосу маанилүү экенин кошумчалап, баш-оту менен бул кызматка киришерин белгиледи.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган Камчыбек Ташиев кызматын мыйзамга ылайык аткарып, партияга мүчөлүгүн токтото турарын айтат.