Марал Радиосу

Бишкек менен Оштун коменданттарына генерал-майор наамы ыйгарылды

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевге, Мирлан Каниметовго жана Ош ОИИБнин башчысы Малик Нурдиновго генерал-майор наамын ыйгарды. Жээнбеков тийиштүү Жарлыкка 14-октябрда кол койгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алмаз Орозалиев пандемия маалында Кыргызстан боюнча өзгөчө абал режими киргизилгенде Бишкек шаарынын коменданты болгон. Ал эми Малик Нурдинов Ош шаарынын коменданты болгон.