Марал Радиосу

Коронавирусту басаңдатууга таасири аз дары-дармектер аталды

Коронавируска каршы колдонулган бир катар дары-дармектер каза тапкандардын санын азайтпайт жана ИВЛ-аппараттарына кошулган бейтаптардын санын кыскартпайт. Бул препараттардын курамына ремдесивир жана гидроксохлороксин кирет. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматтарына таянып, «Financial Times» жазып чыкты.

«Ремдесивир, гидроксихлорохин, лопинавир жана интерферон колдонулган дарылоо схемалары ооруканаларда көз жумгандарга иш жүзүндө эч кандай таасир этпейт», — деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө.

Мындай жыйынтык ДССУнун «Тилектештик» деп аталган изилдөөсүнөн алынганы белгиленип, азырынча алар жөнүндө расмий отчет жарыяланган жок.

Басылманын маалыматы боюнча, ДССУнун мындай тыянагы коронавируска каршы өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеген жалгыз дары — дексаметазон экендигин билдирет.