Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбековдун урунттуу учурлары жана сөздөрү (фотобаян)

Блог | 15 Окт 2020 | 5322 | 1
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн отставкага кете тургандыгын жарыялады. Ал мындай чечимин өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштырып, «Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы — бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым», — деп билдирди.
Жумушка келген учур

Президент жана Кыргызстандын биринчи айымы (Германияда)

«Мен үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок»

Сооронбай Жээнбеков

Кытайга болгон иш сапарларынын бири

Согуш ардагеринин үйүндө

Кытай лидери Си Цзиньпин менен Бишкекте

Жээнбеков аксакалдар менен

«Мен жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары мамилем болушу мүмкүн, бирок президент катары эч кимге материалдык да, моралдык да карызым жок» 

Сооронбай Жээнбеков

«Жаштар — өлкөнүн канаты, тиреги. Өлкөнүн кыймылдаткыч күчү». 

Сооронбай Жээнбеков

Президент балаты майрамында балдар менен

«Бийликти жүзүм жарык өткөрүп берсем деп тилейм»

Сооронбай Жээнбеков

 

«Мугалимдер эң сыйлуу адамдар болушу керек»

Сооронбай Жээнбеков

Окуучулар менен

 «Улутубузга, тилибизге, динибизге, саясий позициябызга карабай, баарыбыз теӊ «Мен — кыргызстандыкмын!» деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз».

Сооронбай Жээнбеков

Аргымак жетелеген Жээнбеков

«Кыргызстанда жердин астында да, үстүндө да суу бар, бирок ичүүчү таза суу жок. Ал болбосо, экономика, саламаттык болбойт». 

Сооронбай Жээнбеков

Орусия президенти Путин менен

Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюнунда

Түркиянын президенти Эрдоган менен

Тажикстандын жана Кыргызстандын президенттери алгачкы ирет чек арада жолугушкан учурда тартылган сүрөт

Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен

Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов менен

Биринчи айым жана президент

Түркия президенти менен Бишкектеги эң чоң мечиттин ачылыш аземинде

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясында (Беларусь, Минск, 2017-жылдын 30-ноябры)

«Өлбөс полк» акциясында (Бишкек, 2018-жылдын 9-майы)

Жогорку даражадагы меймандар менен жолугушуу астында (2-сентябрь 2018-жыл, Бишкек)

Германия канцлери Меркель менен Германиядагы иш сапар учурунда

«Бирок маселе канчалык оор болбосун, баарын өзүм чечем. Анткени буга мен өзүм жалгыз жооп берем. Кудайдан сурайм, мени адаштырба деп тилейм»

Сооронбай Жээнбеков

Курман Айттагы намаз

Борбор Азиянын эл башчылары менен

Казакстандын Эл башчысы Нурсултан Назарбаев менен

«Мен президент болордо «Бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм», — деп убада берген эмесмин. Мен: «Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм», — деп сөз бергем. Бир адам үчүн «саткын» аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын»

Сооронбай Жээнбеков

 

Президенттик кызматка киришип жаткандагы ант берүү аземи

«6 жылда баарына шарт түзүп, андан кийин эл арасында эле жүргүм келет. Кеткенден кийин мен акыл үйрөтүп, кийинки президентти башкарайын деген оюм жок».

Сооронбай Жээнбеков

Көчмөндөр оюнунун жабылуу аземи

Copyright © 2017 Maral FM