Марал Радиосу

УКМК: Президенттин аты аталган аудиотасманы тараткандар изделүүдө

Социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбеков экендиги айтылган адамдын белгисиз бирөөлөр менен сүйлөшкөнү тууралуу аудио жазуулар тараган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы бул айтылгандар териштирилип жатканын, УКМКнын бул аудио жазууга эч кандай тиешеси жоктугун, аны тараткандар да издөөдө экенин кабарлады.

Буга чейин интернетте аудиотасма тарап, анда сүйлөшкөндөр Сооронбай Жээнбеков менен Курманкул Зулушев экени айтылган.