Марал Радиосу

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кеңешбек Дүйшөбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы. Ал ага чейин ички иштер органдарында иштеген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын шайлоо штабын жетектеген.

Коопсуздук Кеңешинин буга чейинки катчысы Дамир Сагынбаев 10-октябрда кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2018-жылдын 12-мартында дайындалган эле.