Марал Радиосу

ЖМК: Орусия Кыргызстанга каржылык колдоону убактылуу токтотту

Орусия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтоткону айтылып жатат. Бул тууралуу орусиялык «РБК» басылмасы өлкөнүн Каржы министрлигиндеги булактарына таянып жазды.

Маалыматтарга караганда, буга Кыргызстандагы коомдук-саясий, туруксуз абал себеп болгон.

«Орусия Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташып, бийлик органдары толук кандуу иштегиче каржылык колдоо көрсөтпөй туруу чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Жагдай боюнча Кыргыз Өкмөтү, Каржы министрлиги расмий маалымат бере элек. Кабарчыларыбыз атайын иликтөө-сурамжылоо жүргүзүшүүдө, кечки уктурууда бул тууралуу кенен сөз кылабыз.

2005-жылдан бери Орусия Кыргызстандын 700 миллион доллардан ашык карызын кечкен.