Биз менен байланышыңыз

Парижде — коменданттык саат, Германияда — жаңы чектөөлөр

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 365 | 0

17-октябрдан тарта Франциянын борбору Парижге жана бир катар чоң шаарларына коменданттык саат киргизилет. Мындай чечимди өлкө президенти Эммануэль Макрон коронавирус тездик менен жайылып бараткандыгынан улам кабыл алган.

Чектөөлөр 22 миллиондой калк жашаган аймактарда аз дегенде 1 айга созулары айтылган. Маалыматка ылайык, коменданттык саат 21:00дөн 06:00гө чейинки аралыкта болот.

Макрондун айтымында, бул чектөөлөр кечинде элдин конокко, ресторандарга барбоосу үчүн керек. Коменданттык саат учурунда себепсиз сыртка чыккандарга 135 евро айып салуу каралган.

Германиянын канцлери Ангела Меркель да өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу үчүн барлар менен ресторандар саат 23:00дө жабылуусу керектигин жарыялады. Аталган өлкөдө акыркы суткада эле коронавируска чалдыккан 5 миңден ашуун бейтап катталган. Бул апрель айынан берки эсеп боюнча эң жогорку көрсөткүч экенин айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM