Марал Радиосу

Навальный өзүн ким каржылап жатканын маалымдады

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный Германиядагы дарылануу акысын төлөп берген адамдардын аты-жөнүн маалымдады. Бул тууралуу ал «Инстаграмдагы» баракчасында билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Навальныйдын айтымында, анын ооруканадагы дарылануусуна 49 900 евро короп, бул сумманы ишкер Евгений Чичваркин, экономист Сергей Алексашенко жана IT-адис Роман Иванов төлөп берген.

Азырынча Навальныйдын Германияда канча убакыт реабилитациядан өтөрү белгисиз. Анын азыркы жашоосуна жана дарылануусуна кете турган чыгымды төлөп берүү милдетин Чичваркин алган.

Буга чейин Навальный анын Омск шаарынан Берлинге учуп келүүсүнө кеткен 79 миң еврону ишкер Борис Зимин төлөгөнүн айткан.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Немис өкмөтү Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Бул маалыматты Европадагы бир нече көз карандысыз лаборатория, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу уюму да ырастаган.

Кремль окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөп келет.

Европа Биримдиги, Улуу Британия жана АКШ Орусиядан Навальный менен болгон бул окуяны иликтөөнү талап кылып, болбосо жаңы санкцияларды киргизе турганын билдирүүдө.

Алексей Навальныйдын өзү аны ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат деп эсептей турганын айткан.