Марал Радиосу

Темирлан Султанбеков Жапаровго жардам берүүгө даяр

Жаш саясатчы, «Социал-демократтар» партиясынын тең төрагасы Темирлан Султанбеков премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мен Садыр Жапаровду элдин көпчүлүгү колдоп, үмүт артып жатканын айтып, өлкө үчүн кыйын болуп турган учурда кризис-менеджер болуу жоопкерчигин алса, ага жардам береримди айттым», -деп жазылат билдирүүдө.

Темирлан Султанбеков 14-октябрда үй камагына чыгарылды. Ал массалык башаламандык уюштурууга шектелип, 9-октябрдагы митингден соң кармалган.

Султанбеков «Социал-демократтар» партиясынын тең төрагасы. Ал 22 жашта.