Активист Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары социалдык тармактарга жазышты.
Темирлан Султанбековду үй камагына чыгаруу боюнча чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алган.
Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков массалык башаламандык уюштурууга шектелип, 9-октябрдагы митингден соң кармалган. Аны Биринчи Май райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.
Темирлан Султанбеков «Социал-демократтар» партиясынын тең төрагасы. Ал 22 жашта.