Марал Радиосу

Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчилигинен кетти

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматынан кетерин жарыялады. Ал бул тууралуу 14-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал ЖМК өкүлдөрүнө кайрылып: «Бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем», -деп жазды.