Марал Радиосу

Адыл Каниметов Каракол шаарынын мэри кызматынан боштолду

Адыл Каниметов Каракол шаарынын мэри кызматынан боштолду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынды.

Адыл Каниметов аталган кызматка 2016-жылы Каракол шаардык кеңеши тарабынан шайланган.