Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында кыргыз өкмөтүнүн курамын жана программасын бекитүүдө. Анда премьер-министр кызматына талапкер Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер катары Алмаз Бейшеналиевди да сунуштады.
Белгилей кетсек, Алмаз Бейшеналиев — Кыргызстандагы эң жаш профессорлордун бири. Ал учурда Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору. Буга чейин АКШдагы Жон Хопкинс университетинде эмгектенген. Аталган университеттин профессору наамын да алган.