Марал Радиосу

Эрнис Ашырбаев премьер-министрдин жардамчысы болуп дайындалды

Эрнис Ашырбаев (1988-жылы туулган) өкмөт башчыга жардамчы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы болуп Дастан Дюшекеев дайындалган.