Биз менен байланышыңыз

Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Оштон батир берилди

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 1276 | 0

Меценат Имамидин Ташов 5-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө Ош шаарынан батир белек кылды.

Ташов Үмүтбектин кичи мекенине барып, анын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, куран окутуп келди.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын өкүлдөрү жана алардын тарапташтары 5-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтына нааразычылык митингин өткөрүшкөн. Кечке маал митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылыш болуп, бир нече адам жаракат алып, ооруканаларга кайрылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечки кагылышта жабыркаган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумганын билдирген. Анын жарылуучу заттан буту жанчылып калганын айтышкан.

 

Митингде каза болгон Үмүтбек жерге берилди (фото, видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM