14-октябрга карата Баткен облусунда 2 адам коронавирустан каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 94 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде 172 адам коронавирустан айыкты:
-Бишкек шаарында – 14;
-Ош шаарында – 10;
-Чүй облусунда — 17;
-Ош облусунда – 39;
-Нарын облусунда – 3;
-Ысык-Көл облусунда – 7;
-Жалал-Абад облусунда – 47;
-Баткен облусунда – 35 бейтап коронавирустан айыкты.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 50 миң 201ге жетти. Андан айыккандар 44 миң 884 бейтап, көз жумгандар 1 миң 94 адам.