Марал Радиосу

COVID-19: 118 ыкчам байланыш кызматы чалууларды кабыл ала баштады

COVID-19 маселелери боюнча 118 ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү чараларын караган Республикалык штаб билдирет.

10-сентябрдан 10-октябрга чейин колл-борбордун иши убактылуу токтотулган, анткени электрондук саламаттыкты сактоо борборунун адистери тармактарды ырастоо иштерин, колл-борбордун операторлорун окутууну жүргүзгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 13-октябрдан тарта Бишкектеги 4 бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында колл-борборунун ишин баштады.

Колл-борборлор 118 бирдиктүү маалыматтык номеринин базасында иштейт.

Негизги максаты – симптомдордун негизинде калкка өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү менен COVID-19га байланыштуу ооруканага жаткыруу учурларын кыскартуу.