Марал Радиосу

Баку Карабахта 42 жай тургун каза болгонун айтты

Карабахта согуш операцияларынан улам Азербайжандын 42 жараны каза таап, 206 адам түрдүү жаракат алып, 1479 жаран үйсүз калды. Бул тууралуу Азербайжандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө айтылат.

Белгилей кетсек, 9-октябрда Азербайжан менен Армениянын Тышкы иштер министрлери Орусия Федерациясынын президентинин чакыруусу менен Москвага келишип, 10 сааттан ашык сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Натыйжада, Ереван менен Баку 10-октябрь саат 12ден баштап, Карабахта ок атышууну токтотууга, туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн алмашууга, ошондой эле элдешүүнүн конкреттүү деталдары боюнча макулдашышкан. Бирок ишемби күнү тараптар бири-бирин «макулдашууну бузду» деп айыптай башташты.

Карабахтагы байланыш линиясындагы уруштар 27-сентябрда башталган.