Марал Радиосу

Коронавирус жуктурган медиктердин саны 3,5 миңге жакындады

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 3449га жетти. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде дагы 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

— Ош шаарында  – 1;
— Баткен облусунда – 2;
— Ош облусунда – 1;
— Жалал-Абад облусунда – 7;
— Ысык-Көл облусунда – 1;

Ошол эле сутка ичинде стационарда 2, үй карантининде 5 медкызматкер айыкты. COVID-19 вирусун 3449 медик жуктуруп, анын 3096сы сакайды.

13-октябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 49 миң 871ди түзөт. Анын 44 миң 712си айыгып, 1 миң 92 адам каза болду.

Exit mobile version