Марал Радиосу

Зилалиев УКМКнын тергөө абагына кайтарылды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Зилалиев 6-октябрга караган түнү жаза өтөп жаткан жеринен мыйзамсыз чыгарылган.

УКМК жана ИИМдин кызматкерлери Бишкектин борбордук аянтында массалык башаламандыктарды уюштургандарды жана жаза өтөө мекемелеринен мыйзамсыз чыккандарды аныктоо ишин улантып жатат.

Дүйшөнбек Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган.

Exit mobile version