Биз менен байланышыңыз

Молдалиев: Учурда президенттен башка тартипке сала турган күч жок

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2020 | 680 | 1

Президент өзүнүн ыйгарым укугунан баш тартмайынча, аны эч ким тартып ала албайт. Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин башында сөзсүз башчысы болушу керек. Президент шайлоонун мөөнөтүн белгилетип, жаңы шайлоолорду өткөрүп, андан соң жаңы Жогорку Кеңеш келгенден кийин кетсе болот, анда да кайсы партиялар келет, коалиция түзө алышабы-жокпу, маселе көп.

Азыр легитимдүү иниститут  — Жогорку Кеңеш менен эле президент. Жогорку Кеңешке дагы легитимдүүлүк менен шарт түзүлүп, Конституцияны сактап иштегиле деп, мыйзамдуу жолго келиши керек. Бизде тартипке сала турган башка күч жок. Президент өзүнүн ыйгарым укугунан баш тартмайынча, аны эч ким тартып ала албайт. «Кол коюп бериңиз», — деп, Акаевдин артынан депутаттардын делегациясы барган. Бакиев учуп кетип баратканда: «Кызматымдан баш тартам», — деп кол коюп берген. Ал эми Жээнбеков эмне деп кол коюп берет? Бизге иштебей жаткандай көрүнгөнү менен, күндүр- түндүр консультацияларды өткөрүп, абалды оңдоп, акырындык менен алып кетип жатат, — деди Молдалиев.

Ошондой эле алдыда кыш келип, ошол эле учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал туруксуз болуп, өлкө кризиске кептелген оор учурда президент мамлекеттин башында турушу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM