Марал Радиосу

ЖАМК: Сапар Исаков менен Албек Ибраимов бүгүн түрмөгө кайтышы керек

 Бүгүн, 12-октябрда абактан мыйзамсыз бошотулгандар кайра кайтып келиши керек. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде, 6-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча камакка алынгандарга түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра кайтып келүүгө уруксат берилген.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон С. Авазов, Д. Мусакеев, Р. Төлөгөнов, А. Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев саламаттыгынын начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатат.

«Ал эми Сапар Исаков, Албек Ибраимов С. Куланбаев, Б. Куланбаевдер бүгүн жаза өтөгөн жерине кайра барышы керек», — деп айтылат билдирүүдө.

12-октябрда Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев өз ыктыяры менен кайра абакка келгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган.