Марал Радиосу

Бишкектин коменданты өзгөчө абалды узартууну сунуштады

Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушууга ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров, Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты.

Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу чаралары талкууланды.

Президент биринчи кезекте коомдогу тынчтык, туруктуулук жана элдин коопсуздугу турушу керектигин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен күч органдарынын кызматташуусуна да көңүл бурууга чакырды.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскер кызматкерлери кызмат кылуусун, анын ичинде Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте иштешүүсүн улантып жатканын маалымдады.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаага өзгөчө абал киргизилгенден тарта кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганын айтты.

Ошол эле маалда Бишкектин тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын, коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаардын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 9-октябрдан тартан өзгөчө абал режимин киргизген.