Марал Радиосу

COVID-19: Беш бейтап каза болуп, 298 адам жаңы катталды

Кыргызстанда коронавирус инфекциянын көбөйүшү байкалууда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 298 жаңы учуру катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 49 миң 528ге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 бейтап — Ош шаарында – 1, Ош облусу – 3, Талас облусу – 1 каза болду.

Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1090го жетти.