Марал Радиосу

«Торугарт-автожол» өткөрмө пункту убактылуу жабылды

Бүгүн, 12-октябрдан тарта «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрмө пункту убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, өткөрмө жай Кытай тараптын демилгеси менен жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды.

Ал эми «Эркечтам-автожол» көзөмөл өткөрмө пункту штаттык режимде иштеп жатат. Кытайдан жүк ташуу үчүн аталган пунктта атайын алгоритм бекитилген.