Марал Радиосу

БУУ Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы кырдаалга абдан тынчызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш Twitter баракчасына жазды.

«Сүйлөшүү жолу бир чечимге келгенге чейин кыргызстандыктарды мыйздамдуулукту сактоого чакырам. Ошондой эле сабырдуу болуп, ар кандай зомбулуктун алдын алууга үндөйм»,-дейт Гуттериш.

Эскерте кетсек, 10-октярбда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.