Марал Радиосу

Алмазбек Атамбаевдин балдары тергөө бөлүмүнө жеткирилди

Алмазбек Атамбаевдин балдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Алар «массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак беришти.

Андан сырткары 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Социал-демоктраттар» партиясынан катышкан Темирлан Султанбеков жана А. Арматов аттуу жаран да тергөө бөлүмүндө сурак берип жатышат.

ИИМдин маалыматына ылайык, сурак бергенден кийин Кадыр Атамбаев менен Сеид Атамбаев үйлөрүнө кое берилген.